Кыргызстандык окуучулар эл аралык математика олимпиадасында ийгилик жаратыштыКасымалиев АКШнын IT-гиганты менен санариптик коопсуздук боюнча жумушчу топ түзүү тууралуу макулдаштыБишкек конуштар үчүн жаңы автобустарды сыноодон өткөрүүдөБишкекте мечиттер КМДБнын балансына өткөрүлүп берилүүдөОш шаарында үч тараптуу айланма жол курулуп жататБШК Мирлан Жээнчороевди Жогорку Кеңештин депутаты деп тааныды
“Салимбай байбача” менен сүрөткө түшкөн экс-депутатка издөө жарыяланды
23.08.2024 | 16:00
Жогорку Кеңешинин экс-депутаты Нургазы Айдаровго издөө жарыяланды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Мурдагы эл өкүлү уюшкан кылмыштуу топторду каржылоого айыпталууда.
“Анын ичинде “Салимбай байбача” лакап аттуу Өзбекстандын кылмыш дүйнөсүнүн лидери Салимбай Абдувалиевди каржылап келгендиги аныкталды. Ал эми “Салимбай байбача” экс-депутатка колдоо көрсөтүп келген”, – дейт коопсуздук комитети.
Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту Нургазы Айдаровду камакка алуу чечимин чыгарып, ага “Интерпол” боюнча издөө жарыяланды.
Белгилей кетсек, өзбек медиасында Салимбай Абдувалиевдин саламаттыгы начарлап, оор абалда жатканы жазылууда.