Чүй облусунда райондук соттун жаңы имаратынын курулушу башталдыКыргызстандын айыл чарбасы биринчи чейректе дээрлик 3%га өстү25-апрелге карата аба ырайыКыргызстанда социалдык тармактын кызматкерлеринин айлыгы 100 миң сомго чейин көтөрүлдү — ОрунбековБишкекте чатырында теннис корттору бар көп кабаттуу унаа токтотуучу жай ачылдыОш облусу менен Кытайдын Шаньдун провинциясы боордоштук мамилелерин түзүүдө
Кыргызстандыктар үйдү жасалгалоодо кытайлык тушкагаздарды көп колдонушууда
26.08.2024 | 13:47
2024-жылдын биринчи жарым жылында Кыргызстанга 1 миң 433 тонна тушкагаз алынып келинди. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Өлкөгө эң көп Кытайдан тушкагаз импорттолгон. Бул мамлекеттен 466.6 тонна товар сатылып алынган.
Орусиянын продукциясынын Кыргызстанда көөлөмү былтыркыга салыштырмалуу азайып, алты айда 751.2 тонна гана келген.
Ал эми Өзбекстандан быйыл тушкагаз көбүрөөк алынып келинип, 222,8 тоннага жетти.
Кыргызстандыктар үйлөрүн Украина (158.1 тонн), Беларусия (46.1 тонн), Германия (40.2 тонн) жана Турциянын (45.7 тонн) тушкагаздары менен дагы кооздошот.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом