Касымалиев салык жүгүн азайтуу боюнча үч чара тууралуу айтып бердиБишкектеги 40 студент шайлоо укугу жана медиасабаттуулук боюнча окуудан өтөтИшкерлерге 6 пайыз, тигүү тармагына 0 пайыз менен насыя берилүүдөТалиева Ош шаарынын мэрин саясий интригаларга жана депутаттарга кысым көрсөтүүгө айыптадыӨзбекстанда түрмөдөгүлөргө аралыктан жогорку билим алуу мүмкүнчүлүгү берилетКРда 18 өлкөгө визасыз режим жана жүрүү мөөнөтүн узартуу каралууда — тизме
Кыргызстандын эл артисти 1 жылга соттолуп, мунапыс менен бошотулду
26.08.2024 | 12:18
Кыргызстан эл артисти Акан Нуртазин 1 жылга соттолуп, мунапыс менен бошотулду. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи май райондук сотунан билдиришти.
Нуртазин “бейбаштык” беренеси менен айыпталып, күнөөлүү деп табылган. Сот аны 1 жылга эркинен ажыраткан. Өкүм 15-августта чыккан.
Ошол эле учурда Кыргызстандын Конституциясынын 30 жылдыгына жана Адам укуктарынын декларациясынын 75 жылдыгына карата жарыяланган мунапыстын негизинде Акан Нуртазин эркиндигинен ажыртуу жазасынан бошотулган.
Жергиликтүү басылмалар жазгандай, 2023-жылы 15-майда Акан Нуртазин балет окуу жайынын студентин сабап салып, анын мээси чайкалган. Анын айынан студент сынактарды тапшыра албай калып, окуудан чыгарылган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом