Кыргызстандын эл артисти 1 жылга соттолуп, мунапыс менен бошотулду

26.08.2024 | 12:18

Кыргызстан эл артисти Акан Нуртазин 1 жылга соттолуп, мунапыс менен бошотулду. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи май райондук сотунан билдиришти.

Нуртазин “бейбаштык” беренеси менен айыпталып, күнөөлүү деп табылган. Сот аны 1 жылга эркинен ажыраткан. Өкүм 15-августта чыккан.

Ошол эле учурда Кыргызстандын Конституциясынын 30 жылдыгына жана Адам укуктарынын декларациясынын 75 жылдыгына карата жарыяланган мунапыстын негизинде Акан Нуртазин эркиндигинен ажыртуу жазасынан бошотулган.

Жергиликтүү басылмалар жазгандай, 2023-жылы 15-майда Акан Нуртазин балет окуу жайынын студентин сабап салып, анын мээси чайкалган. Анын айынан студент сынактарды тапшыра албай калып, окуудан чыгарылган.

Scroll to Top