Бишкек мэрине кытайлык Geely электробустары көрсөтүлдү — алар шаардык каттамдарга чыгышы мүмкүнМинистрлер кабинети Бишкектин 2050-жылга чейинки башкы планын бекиттиЧүй облусунда райондук соттун жаңы имаратынын курулушу башталдыКыргызстандын айыл чарбасы биринчи чейректе дээрлик 3%га өстү25-апрелге карата аба ырайыКыргызстанда социалдык тармактын кызматкерлеринин айлыгы 100 миң сомго чейин көтөрүлдү — Орунбеков
Индиялык компания Дели-Бишкек түз аба каттамын аткарууга даяр
27.08.2024 | 09:00
IndiGo компаниясы Дели-Бишкек-Дели багыты боюнча авиакаттамдарды баштоого даяр. Бул тууралуу Кыргызстандын элчиси Аскар Бешимовдун аталган компаниянын вице-президенти Раджан Малхотра менен жолугушуу учурунда айтылды.
IndiGo Индия өкмөтү тарабынан расмий ташуучу болуп дайындалган жана бул каттам боюнча жумасына 7 күн авиакаттамдарды аткарууга уруксат алган.
Элчи Аскар Бешимов бул маселени мындан ары илгерилетүү үчүн колдон келген жардамды көрсөтүүгө даяр экенин билдирип, АКШ, Улуу Британия жана Шенген аймагы сыяктуу өлкөлөрдүн көп жылдык визасы бар Индиянын жарандары үчүн 21 күндөн кийин кайра кирүү укугу менен 7 күнгө чейин визасыз режим киргизилгендигин белгиледи.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом