Митинг-реквием, «Өлбөс полк» жана жоокер боткосу: Бишкек 9-Майды кантип белгилейтКыргызстан менен Жапония алдыдагы беш жылга кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын аныкташтыБишкекте көп аял алууну декриминалдаштыруунун демилгечилери милицияга чакыртылды28-апрель: Көпчүлүк аймактарда жаан жаайтБекешев көп кабаттуу үйлөрдү санарип башкарууну жана ТСЖнын чыгымдарын толук көзөмөлдөөнү сунуштоодоЖКда жаңы үйлөнүүчүлөрдү никеге чейин медициналык текшерүүдөн өтүүгө милдеттендирүүнү сунуштап жатышат — кенен маалымат
Биринчи класска барууга 126 миң 578 бала каттоодон өттү
28.08.2024 | 16:20
www.mektep.edu.gov.kg балдарды мектепке кабыл алуунун бирдиктүү маалыматтык системасына 126 миң 578 бала катталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Ушул тапта эң көп Ош облусунда – 24 миң 459 бала, Жалал-Абад облусунда – 24 миң 80, Чүй облусунда – 22 миң 107, Бишкек шаарында – 16 миң 738 жана Баткен облусунда – 12 миң 110 катталды.
Учурда 30-августка чейин анык жашаган жери боюнча (факт боюнча) mektep.edu.gov.kg платформасында мектеп жашына жеткен балдарды (6-7 жаш) онлайн каттоо жүрүүдө.
Балдарды платформага ата-энелер же мыйзамдуу өкүлдөр каттай алат.
Рубрики: Жаңылыктар, Илим-билим