Чүй облусунда райондук соттун жаңы имаратынын курулушу башталдыКыргызстандын айыл чарбасы биринчи чейректе дээрлик 3%га өстү25-апрелге карата аба ырайыКыргызстанда социалдык тармактын кызматкерлеринин айлыгы 100 миң сомго чейин көтөрүлдү — ОрунбековБишкекте чатырында теннис корттору бар көп кабаттуу унаа токтотуучу жай ачылдыОш облусу менен Кытайдын Шаньдун провинциясы боордоштук мамилелерин түзүүдө
Кыргызстандык балбан Улукбек Жолдошбеков Азия чемпиону болду
24.02.2020 | 09:44
Кыргызстандык балбан Улукбек Жолдошбеков эркин күрөш боюнча Азия чемпиондугунда алтын медалга татыды. Бул тууралуу биргелешкен күрөш дүйнөсү уюмунун расмий сайтына жарыяланды.
61 килограмм салмак категориясында күрөшкөн мекендешибиз, финалда Тажикстандык Мухамад Икромовду утуп, алтын медалга ээ болду.
Ага чейин ал Казакстандын спортчусу Нурболат Абдуалиевди, чейрек финалда ирандык Мажид Алмаз Дастанды, жарым финалда индиялык Рахул Баласахебди жеңген.
18-февралда Индиянын Нью-Дели шаарында башталган мелдеш 23-февралда жыйынтыкталды.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт