Ысык-Көлдө масштабдуу ILBIRS FEST 2025 экологиялык фестивалы өтөтЫсык-Көлдө инвестициялар талкууланат: Кыргызстан менен Германия ири бизнес-форум өткөрөтАКШ 69 өлкө үчүн импорттук тарифтерди киргиздиӨКМ эскертет: Бишкек жана Чүйдө катуу шамал күтүлүүдөТажикстан Афганистанга электр энергиясын экспортоону чектейтСадыр Жапаров Казакстандын Тышкы иштер министри Мурат Нуртлеуну Чолпон-Атада кабыл алды
Жөлөкпул алайын деген жарандардан пара талап кылган кызматкер кармалды (видео)
23.09.2024 | 12:04
Жалал-Абад облусунда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын кызматкери жарандардан акча талап кылууга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Атайын кызматтын маалыматы боюнча, аларга Базар-Коргон районунун тургундарынан аталган башкармалыктагы акча талап кылуу фактысы тууралуу арыз-даттануу түшкөн.
Анын негизинде кылмыш иши козголуп, 19-сентябрда башкармалыктын адиси М.О.З. кармалган. Ал «Үй бүлөгө көмөк» жөлөкпулун алуу маселесин тездетүү жана оң жагына чечүү үчүн аз камсыз болгон жарандардан пара талап кылган.
Аталган адистин мыйзамсыз аракеттери сот органдарынын уруксаты менен жашыруун видео камерага тартылган.
Бул фактыга анын жетекчилигинин тиешеси бар жек жоктугу текшерилет.