Садыр Жапаров Түркияга иш сапары менен баратАйпери Медет кызы Астанадагы Дүйнө чемпионатында коло байге үчүн күрөшөтЭксперт: Кыргызстан бир нече жыл бою Россиядан күйүүчү май албай калышы мүмкүнКанат Эшатов: Кыргызстанда күйүүчү майдын чекене баалары жыл аягына чейин өзгөрбөйтКыргызстан менен Катардын ортосунда Ишкерлер кеңеши түзүлөтСариев: Кыргызстан менен Казакстандын соодасы өсүүдө, бирок чек арадагы көйгөйлөр чечиле элек
Бишкекте тургундан 42 миң доллар алып, алдап кеткен шектүү кармалды
23.09.2024 | 13:16
Бишкекте алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Свердлов райондук милициясынан билдиришти.
Маалым болгондой, 8-сентябрда милицияга шаар тургуну кайрылган. Ал арызында билдиргендей, быйыл июлда шаардагы базарлардын биринде С. аттуу чала тааныш жигит кирешесин көбөйтүп берем деп 42 миң доллар алып, ошону менен жок болуп кеткен.
Аталган факт боюнча “алдамчылык” беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 25 жаштагы Б.С. аттуу жаран кармалган.