Кыргызстан Евробиримдиктин мүмкүн болгон санкцияларын сотто талашууга даярЮНЕСКО VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына расмий патронаж бердиКадамжай районунда «Анхор» каналын оңдоо иштери аяктап, дыйкандарга суу бериле баштадыАКШнын Иранга басып кириши. Эксперт глобалдык терроризмдин жаңы доорун божомолдоодоБишкекте жоогазындар фестивалы өтүп жататШКУ Ирандын лидерине аза күтүү белгиси катары желегин түшүрдү
Акылбек Жапаров Арменияга иш сапар менен барат
30.09.2024 | 14:49
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Армениянын Ереван шаарына иш сапары менен барат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Сапардын алкагында Жапаров Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынына катышат, ошондой эле Евразия экономикалык форумунун пленардык жыйынында сөз сүйлөйт. Мындан тышкары бир катар жолугушуулар пландалууда.
Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынына Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Беларустун өкмөт башчысы Роман Головченко, Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов, Россиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин катышат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом