28-апрель: Көпчүлүк аймактарда жаан жаайтБекешев көп кабаттуу үйлөрдү санарип башкарууну жана ТСЖнын чыгымдарын толук көзөмөлдөөнү сунуштоодоЖКда жаңы үйлөнүүчүлөрдү никеге чейин медициналык текшерүүдөн өтүүгө милдеттендирүүнү сунуштап жатышат — кенен маалыматМай майрамдарында Кыргызстандын ооруканалары кандай тартипте иштейт? Саламаттык сактоо министрлиги маалымат бердиКытай экспорттук жеңилдиктерди кыскартууда: кыргызстандык импорттоочулар даяр болушу керекBITF 2026: Бишкекте биринчи жолу эл аралык туристтик көргөзмө өтөт
Саламаттык сактоо министринин орун басары алмашты
30.09.2024 | 16:06
Каарманбек Байдавлетов саламаттык сактоо министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Тиешелүү тескемеге өкмөт башчы Акылбек Жапаров кол койгон.
Бүгүн, 30-сентябрда Байдавлетов министрликтин эмгек жамаатына тааныштырылды.
Байдавлетов Айжамал Шамбетованын ордуна орун басар болуп келди. Шамбетова өз ыктыяры менен кызматтан кетүү тууралуу азыр жазган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом