2030-жылга чейин Чүй облусунун 100 миң тургуну таза ичүүчү суу менен камсыз болотСүлүктүдө шахта урап, бир кенчи каза болду — ӨКМКытайлык ишкана күн жана шамал электр станцияларын курууга 1 млрд доллар инвестиция салууга кызыкдарДанияр Токтотемиров: «Өлүк жандар» тирилүүдөЭртең Бишкекте фонтандар сезону ачылатКытай менен чек арадагы көзөмөл-өткөрмө пункттары майрам күндөрү убактылуу жабылат
“Мерседести” сүзүп, ала салдырган “Лексустун” айдоочусу кармалды (видео)
30.09.2024 | 17:11
Баткенде жол кырсыгына күнөөкөр качып кеткен айдоочу кармалыды. Бул тууралуу Баткен облусу боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
Маалым болгондой, окуя 29-сентябрда Кадамжай районундагы Ош – Баткен – Раззаков жолунун 182-чакырымында болгон. “Мерседес-Бенц- Е260” унаасынын айдоочусу алдыда бараткан “Лексус-570” унаасын ашып өтүп баратканда, “Лексус-570” аны оң капталына сүзүп жиберген. Натыйжада “Мерседес-Бенцтин” айдоочусу рулга ээ боло албай, унаа ала салып кеткен. Ал эми “Лексустун” айдоочусу окуя жеринен качып кеткен.
Издөө иштеринин натыйжасында Баткендин жол милициясынын кызматкерлери качып кеткен айдоочуну тапкан. Анын унаасы айып короого коюлуп, өзү тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом