8-октябрда саат 11:30дар чамасында Москва районунун Беловодское айылында каракчылык болгон. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 1981-жылы туулган Ц.В., мас абалында тосмодон секирип, Фрунзе көчөдө жайгащкан 1946-жылы туулган П.Л.нын үйүнө кирген. Каракчылык кылган адам физикалык күч колдонуп, улгайган аялды бир нече жолу чаап, Redmi үлгүсүндөгү уюлдук телефонун алып качып кеткен.
Аталган факты Москва РИИБге катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси «Каракчылык» боюнча кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында милиция кызматкерлери тарабынан ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, кылмышка шектүү катары мурда соттолгон Ц.В кармалып, ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз