Бишкектин «Мурас Ордо» конушунда 29-октябрда ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөтСадыр Жапаров Түркияга иш сапары менен баратАйпери Медет кызы Астанадагы Дүйнө чемпионатында коло байге үчүн күрөшөтЭксперт: Кыргызстан бир нече жыл бою Россиядан күйүүчү май албай калышы мүмкүнКанат Эшатов: Кыргызстанда күйүүчү майдын чекене баалары жыл аягына чейин өзгөрбөйтКыргызстан менен Катардын ортосунда Ишкерлер кеңеши түзүлөт
Ош облусунда жер титиреди
13.10.2024 | 12:01
Ош облусунун аймагында жер титиреди. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Сейсмология институтунун маалыматына караганда, саат 08:25те Кыргызстандын аймагында MSK-64 шкаласына ылайык очогунда күчү 4 магнитудага жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Ош облусунун Өзгөн районунун Чымбай, Бакмал, Мырза-Аке, Куршаб, Кароол, Шералы айылдарында жана Өзгөн шаарында 3 балл, Мырза-Арык айылында 3,5 баллга (Кароол айылынан 30 чакырым түштүк батышта, Мырза-Арык айылынан 3 чакырым чыгышка, Чымбай айылынан 5 чакырым түштүк батышта, Куршаб айылынан 7 чакырым түштүк батышта, Салам-Алик айылынан 30 чакырым түштүк чыгышта, Жалал-Абад шаарынан 32 чакырым түштүк чыгышта) чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар