Бишкекте 103 жашында Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Василий Пухарев дүйнөдөн кайттыАжылык сапары 11-майдан тарта башталат: КМДБ өлкөгө кирүүнүн катаал эрежелерин эскертти«Акылман» лицейинин бүтүрүүчүлөрүнө чет өлкөдө окууга мамлекеттик грант берилетДепутаттар «Баатыр энелердин» балдарына билим берүү жеңилдиктерин берүүнү жактырыштыКурорттук Кыргызстан: Советтер союзунан калган мурастан заманбап wellness-экономикага«Үй-бүлөгө көмөк» жөлөк пулунун өлчөмү көбөйдү
Боомдо төрт күн бою таш кулатылат
13.10.2024 | 18:17
14-18-октябрда Бишкек-Торугарт унаа жолунун Боом капчыгайында кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт.
Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынан билдиришти.
Бул күндөрү саат 09:00дөн 15:00гө чейин ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын башкы инспекциясынын кызматкерлери тарабынан жол жарым-жартылай тосулат. Жолду тазалоо учурунда унаалар бир тилкеге багытталат. 30-40тан ашык унаа топтолсо, таш түшүрүү иштери токтотулуп, унаалардын өтүшүнө жол ачылат.
Ишканадан белгилешкендей, иш-чара сел жана таш кулоолордун алдын алуу максатында жүргүзүлүүдө.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар