Баңгизат чеккен айдоочу жөө адамды сүзүп кетип, ал ооруканада көз жумду (видео)

Баңгизат чеккен айдоочу жөө адамды сүзүп кетип, ал ооруканада көз жумду (видео)

Бишкекте баңгизат чегип алган айдоочу жөө адамды сүзүп кетип, ал ооруканада көз жумду. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 17-октябрда эртең менен саат 06:50дө Л. Толстой менен Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз унаа 43 жаштагы жаранды (А.Т.) сүзүп, окуя жеринен качып кеткен. Ал эми жөө адам ооруканага жеткирилип, бирок эсине келбей каза болгон.

Кайгуул кызматы билдиргендей, алардын кызматкерлери айдоочуну издеп табышкан. Ал 44 жаштагы жаран (А.С.) болуп чыккан. Аталган айдоочу жөө адамды сүзгөндөн кийин унаасынын сынып калган тетиктерин жыйнап кеткен. Андан кийин унаасын катып койгон. Аны менен бирге сынып калган кээ бир тетиктерин алмаштырууга жетишкен. Алдыңкы айнегин алмаштырууга үлгүргөн эмес.

Ал Наркология борборуна жеткирилип, баңгизат колдонгону аныкталган. Айдоочу убактылуу кармоочу жайга камакка алынды. Ал эми анын унаасы айып короого коюлду.

Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүүдө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>