«Рухтун жел кайыктары»: Ысык-Көлдө эл аралык регата башталдыПутин, Си Цзиньпин, Эрдоган жана башка лидерлер Бишкектеги ШКУ саммитине катышатДон Уилсон жана Бай Линг Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн Кыргызстанга келетШКУ саммити жана ДКО өтө турган күндөрү Бишкекте автобустар сейрек катташы мүмкүнШКУ саммити жана Көчмөндөр оюндарынын коопсуздугун 15 миң кызматкер камсыздайтНепалдагы суу ташкындарынан 464 адам каза болуп, миңге жакыны дайынсыз болууда
Акылбек Жапаров Россияга расмий сапар менен барат
18.10.2024 | 09:00
Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Россиянын борбору Москва шаарына расмий сапар менен барат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Сапар 19нан 21-октябрга чейин созулат. Анын алкагында Жапаров Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана Кыргызстандын Россиядагы Маданият күндөрүн майрамдоого арналган иш-чараларга катышат.
Ошондой эле ал Россиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин менен эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн биргелешкен жыйынын өткөрөт.
Андан тышкары сапардын жүрүшүндө эки тараптуу жолугушуулар, маданий программалар жана жолдоштук спорттук мелдештер уюштурулат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом