Орусиядагы музейде «Кылымдардын мурасы» көргөзмөсү ачылды

Орусиядагы музейде «Кылымдардын мурасы» көргөзмөсү ачылды

Кыргызстандын маданият күндөрү алкагында жана Кара Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына арналган “Кылымдардын мурасы” көргөзмөсү 18-октябрда Россиянын дкоративдик искусство музейинде ачылды.

Иш-чараны Кыргызстандын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясатынын орун басары Тимурлан Ажымалиев ачты.

Көргөзмө кыргызстандык байыркы чеберлердин дүйнөлүк маданиятка кошкон баа жеткис салымдарын көрсөттү. Экспозицияда байыркы мезгилдерден бери сакталып келген кымбат металлдардан жасалган жогорку өнөрчүлүк чыгармалары коюлган.

Ошондой эле, эрте көчмөндөрдүн — сактардын (VIII-III кылымдар, б.з.ч.) жана Улуу көчмөндөр доорунун (I-V кылымдар, б.з.) элдеринин байыркы искусствосунун буюмдарына өзгөчө кызыгуу пайда болду.

Көргөзмөдө кыргыздардын салттуу турак-жайы болгон боз үй да көрсөтүлдү, ал көчмөн элинин бай маданияты менен тарыхын символдойт. Боз үй кыргыз турмушунун мүнөзүн чагылдыруучу гана эмес, кыргыз мурасынын уникалдуулугун баса белгилеген маанилүү элемент болду.

“Кылымдардын мурасы” көргөзмөсү көрүүчүлөр үчүн 21-октябрга чейин уланат. Бул көргөзмө Кыргызстандын миңдеген жылдар бою калыптанган тарыхы, маданияты жөнүндө уникалдуу маалымат алууга мүмкүнчүлүк берет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>