Бишкекте жол талашкан автобустар сүзүшүп, узун тыгын жаратышканОш мэринин биринчи орун басары дайындалдыПрезидент ИИМ менен УКМКнын жетекчилерине жогорку аскердик наамдарды ыйгарды7-класстар үчүн «Табигый илимдер» окуу китеби басылып чыктыӨзгөчө кырдаалдар министрлигине 116 даана жаңы атайын техника тапшырылдыБаткен облусунун Мурас айылынын үч миңден ашык тургуну таза ичүүчү суу менен камсыз кылынат
Дүйнөгө таанымал айкелчи Жалал-Абад үчүн скульптуралык чыгарма жаратат
21.10.2024 | 09:20
Жалал-Абад облусунун башчысы Тилек Текебаев грузиялык белгилүү сүрөтчү жана скульптор Тамара Квеситадзе менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгү билдирди.
Жолугушууда Текебаев Тамара Квеситадзе менен Жалал-Абад шаарында маданий-эстетикалык борбор уюштуруу, кыргыз элинин улуттук баалуулуктары чагылдырылып, облустун өзгөчөлүктөрү камтылган жана туристтердин кызыктыра турган скульптуралык чыгарманы жаратуу тууралуу сүйлөшкөн.
Тамара Квеситадзе дүйнөгө белгилүү бир катар скульптуралык чыгармаларды жараткан. Алардын катарында Грузиянын Батуми шаарында орнотулган “Эркек жана аял” аттуу айкел бар. Айкелдин аты кийин “Али жана Нино” деп өзгөртүлгөн.

Рубрики: Жаңылыктар, Коом