Азия инфратүзүмдүк инвестициялар банкы Кыргызстандагы мамлекеттик долбоорлорду колдоого даярМарлен Маматалиев: Мамлекетти бөлүп-жарууга жол бербейбизБишкек менен Чүйдө спирт ичимдиктерин чыгарган жашыруун цехтер аныкталды2025-жылы кайсы банктар эң көп насыя берди? РейтингМарлен Маматалиев Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайландыБалык чарбасы үчүн тоюттарга 2028-жылга чейин кошумча нарк салыгы алынбайт
Таластагы жол кырсыкта эне менен уул-кызы каза болду
23.10.2024 | 16:34
Таласта бүгүн, 23-октябрда болгон жол кырсыкта үч адам – эне уул-кызы менен каза болду. Бул тууралуу облустагы Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
Маалым болгондой, эне уул-кызы менен жөө өтмөктөн өтүп баратканда, аларды караша-каршы тилкеге чыгып кеткен “Хендай Грандер” унаасы сүзүп кеткен. Андан кийин дагы үч унааны сүзгөн.
Жол кырсыктын айынан аял киши менен анын уул-кызы көз жумган.
Учурда жол кырсыгына кабылган 4 унаа тең айып короого коюлган.
Ал эми жол кырсыгына күнөөкөр айдоочу милициянын тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.
https://reporter.kg/talasta-unaa-zhoo-adamdardy-syzyp-ketti-video/
Рубрики: Жаңылыктар, Коом