Ош коогалаңында курман болгон милиция кызматкери эскерилди
Ош облусунун Кара-Суу районунда кызмат учурунда курман болгон милиционер Уран Шамырзаев эскерилди. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Эскерүү иш-чарасына Кара-Суу райондук милициясынын жетекчилиги, облустук милициянын ардагерлер кеңешинин төрагасы, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана Уран Шамырзаевдин үй-бүлөсү менен жакын туугандары катышты. Анда Уран Шамырзаевдин басып ѳткѳн ѳмүр таржымалы эскерилген. Ошондой эле волейбол боюнча спорттук мелдеш уюштурулган.
Уран Шамурзаев 1973-жылы 24-майда Кара-Суунун Мады айылында туулган. Ал 2000-жылдын январь айында ички иштер органынын катарына кызматка кабыл алынган.
“Алгачкы кызматын Ош шаарынын ИИБнын күзөт бөлүмүнүн милиционери болуп баштаган. Ошондон тартып каргашалуу күнгө чейин жарандардын бейпил жашоосу үчүн күн-түн дебей, жан үрөп кызмат кылып келген. Уран Шамурзаев 2010-жылдын 13-июнь күнү Ош коогалаңында улуттар аралык кагылышууда эки улуттун ынтымагын бекемдѳѳ максатында кызматтык милдетин аткарып жатып, кылмышкерлердин колунан баатырларча курман болгон”, – деп айтылат маалыматта.
2011-жылы Мады айылдык милиция бөлүмчөсүнө Уран Шамурзаевдин ысымы ыйгарылган.
Ал президенттин жарлыгы менен ІІІ даражадагы «Манас» (курман болгондон кийин) ордени менен сыйланган.
[image_carousel source=”media: 215383,215382,215381,215380″ limit=”20″ slides_style=”photo” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”no”]