Бир объект курууда майып адамдарга шарт түзбөгөндөргө айып салуу сунушталды

Бир объект курууда майып адамдарга шарт түзбөгөндөргө айып салуу сунушталды

Бир объект салып, оңдоп жатканда, майыптыгы бар адамдар үчүн тиешелүү шарттарды түзбөгөндөргө айып салуу сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин сайтында коомдук талкууга чыгарылды.

Мыйзам долбоорун депутат Дастан Бекешев демилгелеген.

Маалымкат-негиздемеде айтылгандай, учурда жеке компаниялар, ишканалар бир объект куруп жатканда, көп акча кетет деген шылтоону менен майыптыгы бар адамдар үчүн тиешелүү шарттарды түзгүсү келбейт. Ал турсун мамлекеттин акчасына курулган мектеп, бала бакча же башка объект болсун, аларда да майып адамдар үчүн шарттар каралган эмес. Себеби мамлекеттик органдар документтерди даярдап жатканда, имаратта майып адамдар үчүн шарт түзүү керектигин эске албайт, көзөмөлдөбөйт.

Мындан улам депутат имарат, көп кабаттуу үй, мектеп, бала бакча, адамдар баса турган жол же башка объектти куруп жатканда, мыйзамда каралгандай, майыптыгы бар адамдарга ыңгайлуу шарттарды түзбөгөн компанияларга, ал объекттерди пайдаланууга алган адамдарга айып салууну сунуштоодо. Мыйзам долбооруна ылайык, жарандарга 20 миң сом, юридикалык жактарга 200 миң сом айып салынат.

Ошондой бир имарат, курулма салынып, анда майып адамдар үчүн шарттар каралбай калган учурда, кемчиликтерди жоюудан баш тарткандарга да ушул эле айып салынат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>