Гимнди өзгөртүү сунушталды. Элдин пикири кандай? (видео)

Гимнди өзгөртүү сунушталды. Элдин пикири кандай? (видео)

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурлан Шакиев бүгүн, 25-октябрда Кыргызстандын гимни өзгөртүлө турганын билдирди.

Төраганын билдирүүсү коомчулукта талкууга түшүп, көпчүлүк анын сунушун сынга алды.

Шакиевдин сунушунан кийин эле президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирүү жасап, гимн өзгөрөт деп төрага өзүнүн жеке пикирин гана айтканын белгиледи.

Ошол эле учрда ал гимнди жаңылоо тууралуу демилге көтөрүлсө, ачык сынак өткөрүлөрүн билдирди. Жаңы гимн кабыл алынышы үчүн ал калың элдин колдоосуна ээ болушу керек.  Көпчүлүк эл колдобосо, азыркы гимнди өзгөртүү зарыл болбойт.

Reporter.kg гимнди өзгөртүү боюнча элдин оюн билүү үчүн жарандар арасында сурамжылоо жүргүзүп көрдү. Сурамжылоого катышкандардын көбү гимнди өзгөртүү зарыл эместигин айтып, каршы экенин билдирди.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>