Бишкекте жол кырсыктан пенсионер аял каза болду

Бишкекте жол кырсыктан пенсионер аял каза болду

Бишкекте жол кырсыктын айынан бир адам каза болуп, дагы бирөө ооруканага түштү. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

Жол кырсык 26-октябрда болжол менен саат 20:30да болгон. Kia Rio унаасынын 46 жаштагы айдоочусу (М.М.) Аламүдүн айылында Алматы көчөсүндө баратып, унаалар жүргөн жол бөлүгүнөн өтүп жаткан жөө адамдарды сүзүп кеткен. Анын айынан 78 жаштагы С.Б. аттуу пенсионер аял алган жараатынан улам көз жумган. 8 жаштагы кыз (Т.М.) оорукананын реанимация бөлүмүнө түшкөн.

Аталган факт каттоого алынып, териштирүү иштери башталган.

Милиция билдиргендей, айдоочу текшерүүдөн өтүп, ичимдик ичпегени аныкталган. Ошондой эле андан кошумча кан алынып, соттук-химиялык экспертиза дайындалган.

Айдоочунун аракеттерине юридикалык баа берүү үчүн тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>