Президент Садыр Жапаров Азербайжанга иш сапары менен барды. Бул тууралуу президенттин администрациянын маалымат кызматы билдирди.
Сапардын алкагында Жапаров БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясына кол койгон өлкөлөрдүн 29-конференциясына катышат.
Бул конференциянын алкагында Кыргызстан, Азербайжан жана Монголия тарабынан «Жогорку деңгээлдеги диалог: Тоо күн тартибин илгерилетүү жана тоолор темасын жана климаттын өзгөрүшүн актуалдаштыруу» аттуу иш-чара уюштурулат.
Жапаров аталган эки иш-чарада сөз сүйлөйт.