Кыргызстанда футбол жөнүндө көркөм сериал тартылатЖКда чет элдиктер кыймылсыз мүлк сатып алганда жерге ээлик кылуусуна тыюу салуу сунушталуудаБишкек шаардык соту «75тин каты» ишинин фигуранттарына карата өкүмдү жеңилдеттиКыргызстандыктардын каржылык сабаттуулугу Венгрия, Италия жана Литвадан аштыCIFIT-2026: Кытайда Кыргызстандын инвестициялык потенциалы тааныштырылдыБишкекте аял 140 миң долларлык алдамчылыкка шектелип кармалды
Көп бала төрөгөн аялдарга 2 млн сомго чейинки “сүйүнчү” келерки жылдан тарта төлөнө баштайт
12.11.2024 | 11:00
Кыргызстанда көп бала төрөгөн аялдарга 2 млн сомго чейинки “сүйүнчү” келерки жылдан тарта төлөнө баштайт. Бул тууралуу өкмөт башчынын орун басары, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.
Анын айтымында, тиешелүү мыйзам кабыл алынып, ал 2025-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирет.
Эскерте кетсек, буга чейин Ташиев деңиз деңгээлинен 1000 метр бийиктикте жайгашкан айылдарда, шаарларда жашап, 4 бала төрөгөн аялдарга 100 миң сом, бешинчиге 600 миң сом, жетинчиге 1 млн сом, 8-9 бала төрөгөндөргө 1,5 млн сом, 10 жана андан ашык баланы жарык дүйнөгө алып келген энелерге 2 млн сом төлөө пландалып жатканын билдирген. Ташиев 6 бала төрөгөндөргө канча акча төлөнө турганын айткан эмес.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом