Бишкекте чыр: блогер соттук-медициналык экспертизанын кызматкери менен тил табыша алган жокАйыл чарба министрлиги кайра иштетүүчүлөр менен уруксат берүүчү документтерди жөнөкөйлөтүүнү талкууладыЖапаров Бердымухамедов менен жолукту — эмнелер талкууландыКыргызстанда калктуу конуштарда көчмө май куюучу жайларга тыюу салуу сунушталуудаБишкекте 80 млн сомго жаңы терапия бөлүмү курулду — сүрөтЖапаров Борбордук Азия жана Азербайжандын бирдиктүү онлайн соода аянтчасын түзүүнү сунуштады
Бишкекте мурдагы аялын чачынан тартып, жерге сүйрөгөн жаран кармалды (видео)
12.11.2024 | 09:46
Бишкекте мурдагы аялын чачынан тартып, жерге сүйрөгөн жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан билдиришти.
Окуя 11-ноябрда болжол менен саат 21:00до балдар аянтчасында болгон. Мурдагы күйөөсү аялды чачынан тартып, жерге сүйрөп, коркуткан.
Аял укук коргоо органдарына арыз жазгандан кийин мурдагы күйөөсү 34 жаштагы А.И. милицияга жеткирилген. Ага Укук бузуулар кодексинин 70-беренеси (үй-бүлөлүк зомбулук) боюнча протокол түзүлүп, Ленин райондук милициянын убактылуу камак жайына камалган.