Акы алынган парковкага унаасын коюп, акча төлөбөгөндөргө айып салуу сунушталууда

20.12.2024 | 14:57

Акы төлөнүүчү шаардык парковкага унаасын коюп, бирок акча төлөбөгөндөргө айып салуу сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоору өкмөт тарабынан даярдалып, коомдук талкууга чыгарылды.

Мыйзам долбоорунда парковканын акысын төлөбөгөн жарандарга 1 миң сом, юридикалык жактарга 5 миң сом айып салуу каралган.

Айып салуу укугу жергиликтүү бийлик органдарына берилет.

Scroll to Top