Дели – Бишкек – Дели багыты боюнча жаңы каттам ачылдыЧүй проспектисинин ЦУМ жактагы бөлүгү 12-декабрда ачылатКамчыбек Ташиев ЦУМдун жанындагы имараттын үчүнчү кабатын бузууну тапшырдыБШК Жогорку Кеңешке жаңы шайланган талапкердин эсине салдыСадыр Жапаровдун уулу жана экс-спикер Марат Султанов жаңы банктын негиздөөчүлөрү болуштуБишкек ЖЭБинде кышка көмүр жетиштүүбү? Мекеме жооп берди
Бишкекте 3 жигит шаар тургунун сабап, аны видеого тартып алган. Шектүүлөр кармалды
20.01.2025 | 14:45
Бишкекте үч жаран карактоого, бейбаштыкка жана уюшкан топ түзүүгө шектелип кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.
Милициянын маалыматы боюнча, 14-январда эртең мененки саат 07:00дордо белгисиз адамдар “Тунгуч” кичи районундагы ээн талаада 28 жаштагы жигитти ур-тепкиге алып, аны видеого тартып алган. Сабалган жигит милицияга арыз жазган.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренеси (уюшкан топ түзүү жана ага катышуу), 207-беренеси (каракчылык) жана 280-беренеси (бейбаштык) менен кылмыш иши козголгон.
Иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 21 жаштагы Б.М., 20 жаштагы Н.А. жана О.Н. аттуу жарандар кармалган.
Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө уланууда.