Бишкекте жол талашкан автобустар сүзүшүп, узун тыгын жаратышканОш мэринин биринчи орун басары дайындалдыПрезидент ИИМ менен УКМКнын жетекчилерине жогорку аскердик наамдарды ыйгарды7-класстар үчүн «Табигый илимдер» окуу китеби басылып чыктыӨзгөчө кырдаалдар министрлигине 116 даана жаңы атайын техника тапшырылдыБаткен облусунун Мурас айылынын үч миңден ашык тургуну таза ичүүчү суу менен камсыз кылынат
УКМК Социалдык фонддун кызматкерин кармады
27.01.2025 | 13:25
Социалдык фонддогу системалуу коррупциялык схемага бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалым болгондой, Социалдык фонддун кызмат адамдары “Чернобыль союзунун ардагерлери жана майыптары” коомдук бирикмесинин пенсионерлеринин жасалма архивдик маалымкаттарын пайдаланып, бир жолку кенемте төлөө үчүн деп бюджеттен ири өлчөмдө акча чыгарган схема уюштурганы аныкталган.
Шектүү катары фонддун Аудит башкармалыгынын башкы аудитору М.Б. кармалган.
Учурда бул схемага катышы бар адамдарды аныктоо иштери жүрүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом