2030-жылга чейин Чүй облусунун 100 миң тургуну таза ичүүчү суу менен камсыз болотСүлүктүдө шахта урап, бир кенчи каза болду — ӨКМКытайлык ишкана күн жана шамал электр станцияларын курууга 1 млрд доллар инвестиция салууга кызыкдарДанияр Токтотемиров: «Өлүк жандар» тирилүүдөЭртең Бишкекте фонтандар сезону ачылатКытай менен чек арадагы көзөмөл-өткөрмө пункттары майрам күндөрү убактылуу жабылат
Быйыл «Социалдык келишимди» 150 миң сомго көбөйтүү каралууда
08.02.2025 | 18:18
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 2025-жылы «Социалдык контракт» долбоорунун алкагында бериле турган жардамды 150 миң сомго көбөйтүүнү карап жатат. Бул тууралуу министр Равшан Сабиров аталган ведомствонун коллегиясынын жыйынында билдирди.
Анын айтымында, быйыл «Социалдык келишим» долбоорунун экинчи этабы пландаштырылууда.
“Министрликтин маанилүү долбоорлорунун бири “Социалдык контракт”болуп саналат, анын алкагында 100 миңден ашуун адамдын жашоо шарты жакшырууда. 2025-жылы социалдык жардамды 150 миң сомго көбөйтүү каралган”, – деди Равшан Сабиров.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар