Чүй облусунда райондук соттун жаңы имаратынын курулушу башталдыКыргызстандын айыл чарбасы биринчи чейректе дээрлик 3%га өстү25-апрелге карата аба ырайыКыргызстанда социалдык тармактын кызматкерлеринин айлыгы 100 миң сомго чейин көтөрүлдү — ОрунбековБишкекте чатырында теннис корттору бар көп кабаттуу унаа токтотуучу жай ачылдыОш облусу менен Кытайдын Шаньдун провинциясы боордоштук мамилелерин түзүүдө
Кардиохирургия институтунан чыккан өрттүн айынан эки адам көз жумду
12.02.2025 | 00:22
Бишкектеги Кардиохирургия илимий-изилдөө институтунда чыккан өрттүн айынан эки киши каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеев билдирди.
Анын айтымында, өрт башталгандан кийин мекемеден 260 адам эвакуацияланган. Тилекке каршы, 2 адам көз жумган.
Министрликтин маалыматы боюнча, эвакуаця болгондодун 216сы бейтаптар, 44ү дарыгерлер.
Саламаттык сактоо министрлиги аталган институттагы бейтаптар башка медицина мекемелерине жайгаштырылганын билдирди.
Эскерте кетсек, бүгүн, 11-февралда болжол менен саат 21:00дарда Кардиохирургия илимий-изилдөө институтунда өрт чыккан. Тилсиз жоо саат 22:33тө чектөөгө алынып, 23:15те толук өчүрүлгөн.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар