Бишкектин Арча-Бешик конушундагы №79 мектептин жаңы имаратынын курулушу аяктады2025-жылы билим берүү жана илим тармагына 78,3 млрд сом багытталганҮйлөрдүн ортосундагы бир метр жана жооптордогу туңгуюк: Оштун чиновниктери жаранды кантип ары-бери түртүп жатышатДастан Бекешев: Саламаттык сактоого акча бар, бирок дары-дармек жетишсизБишкек–Балыкчы жүргүнчү поезди 26–27-сентябрда кошумча каттамга чыгатГазада урандылардын астынан жүздөгөн сөөк табылды — БУУ соккуларды иликтөөгө чакырды
Айдана Жупуева БШКнын төрагасынын орун басары болуп шайланды
11.02.2025 | 18:17
Айдана Жупуева Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары болду. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.
Маалым болгондой, бүгүн, 11-февралда БШКнын жыйыны өтүп, анда Жупуева орун басарлыкка шайланган.
Айдана Жупуева 2021-жылдан бери БШКнын мүчөсү болуп келген.
Эскерте кетсек, БШКны 2016-жылдан бери жетектеп келе жаткан Нуржан Шайлдабекова 10-февралда кызматтан кеткен. Төрага болуп мурда орун басар кызматын аркалап келе жаткан Тынчтык Шайназаров шайланган. Ага байланыштуу ал ээлеген орун басарлык орун бош калган.
https://reporter.kg/murdagy-deputat-prokuror-bshknyn-zhany-toragasy-kajsy-kyzmattarda-ishtegen/
Рубрики: Жаңылыктар, Коом