Ысык-Көлдүн Ак-Суу районундагы Каракол – Эңилчек жолуна кар көчкү түшүп, жол убактылуу жабылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Министрлик кабарлагандай, кар көчкү жолдун 82-чакырымына түшкөн. Жабыркагандар жок. Азыркы тапта жолчулар тазалоо иштерин жүргүзүп жатат.
Ошондой эле Каракол – Эңилчек унаа жолунун Чоң-Ашуу ашуусунда катуу бороон болууда.
Министрлик тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу сапарга чыккан айдоочуларды жол эрежесин сактоого чакырат.