«Мурас Синтез» ишканасында мыйзам бузуулар аныкталып, 100 миң сомго жакын айып пул салындыЖети-Өгүздө тоодон үч топоз атылып, уурдалган. Шектүүлөр милициядан качууга аракет кылышканОшто өрттөнгөн көп кабаттуу үйдүн чатырын жабуу иштери башталды«Яндекс Кыргызстан»: эми соттуулугу бар же жол эрежесин бузган айдоочулар ишке алынбайтБаткен облусунда 250 МВт кубаттуулуктагы күн электр станциясы курулатБишкекте Алматыдагыдай бирдиктүү микромобилдүүлүк оператору иштей башташы мүмкүн. Бул эмнени билдирет
Судьялар кеңешинин жаңы жетекчиси шайланды
07.03.2025 | 13:43
Жогорку соттун судьясы Аида Сейдакматова Судьялар кеңешинин төрайымы болуп шайланды. Бул тууралуу аталган кеңештин сайтында кабарланды.
Маалыматка ылайык, төрайымдын орун басары болуп Чүй облусунун административдик сотунун төрагасы Таалайбек Даркимбаев шайланды.
Аида Сейдакматова буга чейин Кыргызстандын сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин мүчөсү болгон.
Эске салсак, 5-мартта Судьялар кеңешинин 15 мүчөдөн турган жаңы курамы үч жылдык мөөнөткө шайланган.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат