Алтынбек Бектуров Кызыл-Кыянын мэри болуп дайындалды

Алтынбек Бектуров Кызыл-Кыянын мэри болуп дайындалды

Алтынбек Бектуров Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын мэри болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Дайындоо тууралуу тескемеге президент Садыр Жапаров кол койгон.

Эскерте кетсек, 2021-жылдын июнунан бери Кызыл-Кыянын калаа башчысы болуп келген Асылбек Маткалыков февралдын аягында кызматтан алынган.

Каракол менен Кызыл-Кыянын мэрлери кызматтан кетти

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Кызыл-Кыя

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>