Бишкекте мас айдоочу мушташып, андан соң элди бычак менен коркуттуБакыт Төрөбаев «Тулпар Моторс» авто заводуна бардыЫсык-Көлдө Токтогул ГЭСинен да кубаттуу күн электр станциясы курулууда8-декабрь: Өлкө боюнча жаан жана кар жаайтЗергерчилик, тигүү тармагы жана чакан бизнеске колдоо көрсөтүү боюнча жарлыкка кол коюлдуБишкекте 3 күн бою изделип жаткан окуучу кыз табылды
Элчи түрк бийлигинен кыргыз жарандары үчүн бекер дарылануу квотасын көбөйтүүнү сурады
10.03.2025 | 14:37
Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев түрк бийлигинен кыргызстандыктарга акысыз дарылануу үчүн жыл сайын берилүүчү квотаны көбөйтүүнү суранды. Бул тууралуу ТИМ билдирди.
Элчи бул өтүнүчүн 7-марта Түркиянын вице-президенти Жевдет Йылмаз менен жолукканда айткан.
Жолугушууда тараптар эки өлкөнүн ортосундагы сооданы жеңилдетүү, кыргыз-түрк инвестициялык фондун түзүү, Кыргызстанда ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу маселелери тууралуу сүйлөшүшкөн.
Мындан тышкары саламаттык сактоо жаатындагы кызматташтык талкууланып, Казакбаев Түркиянын медициналык мекемелеринде Кыргызстандын жарандарынын бекер дарылануусуна жыл сайын берилүүчү квотаны жаңыртуу жана көбөйтүү өтүнүчү менен кайрылган.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат