Евразиялык интеграция: жетилгендик экзамени тапшырылды. Андан ары эмне болот?Тоо боорундагы эс алуу күндөрү: кышкы адреналин издеп Бишкектен кайда баруу керек?Кыргызстанда канаттуулардын саны жана жумуртка өндүрүү 40%га өскөнү катталдыШвейцариянын лыжа курортундагы өрттөн ондогон адам каза болдуТелевидение кыргызстандыктардын эс алуусунун негизги түрү бойдон калуудаАйыл чарба продукциясын чыгаруунун көлөмү 396 млрд сомдон ашты
Бишкектин Учкун конушунда эки кабаттуу бала бакча курулат
11.03.2025 | 11:35
Бишкек шаарынын Учкун конушунда 140 орундуу бала бакча курула баштады. Бул тууралуу шаар мэриясы билдирди.
Бала бакча Чүй проспектиси менен Аксы көчөсүнүн кесилишинде жайгашат. Жалпы аянты – 83 сотых.
Бала бакча эки кабаттуу болот. Анда наристе, кенже, жогорку жана мектепке даярдоо тайпаларынан турган 6 топ иштейт. Оюн жана уктоочу бөлмөлөрдөн тышкары, музыкалык жана гимнастика сабактары үчүн өзүнчө залдар каралган. Ар бир тайпа үчүн өзүнчө балдар аянтчалары болот.
Курулуш иштерин “Аргын Курулуш” ишканасы жүргүзөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом