Бүгүн, 12-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар кесиптеши Султанбай Айжигитовго сөз берген жок.
Жыйында Айжигитов «Ыйман Нуру» фракциясынан чыгарылганы боюнча борбордук трибунадан билдирүү жасоо үчүн 10 мүнөт сураган. Анын суранычы добушка коюлуп, бирок кесиптештеринин көпчүлүгү колдобогондуктан (20 макул, 14 каршы), депутатка сөз берилген жок.
Айжигитов ага сөз бербей койгон кесиптештерин сындады.
«Эми мага сөз да бербейсиңерби?! Муну кандай түшүнсө болот? Мыйзам деген барбы? Бул жак парламентпи же нотариалдык мекемеби? Уялбайсыңарбы! Сөз берип койгула да. Мен өзүмдүн фракциядан чыгарылганым боюнча билдирүү жасайын дегем. Андан тышкары эч нерсе – чек араны да, башканы да айтмак эмесмин. Мен өз оюмду айтканга уруксат бербейсиңерби?! Парламентсиңерби же эмнесиңер? Депутатсыңарбы же кимсиңер? Түшүнбөй калдым», — деди ал.
Кесиптештеринин сөз бербей койгону Конституцияга, Жогорку Кеңештин регламентине каршы келерин айткан Айжигитов «уялбайсынрабы, бет деген барбы?» деп депутаттарды уяткарды.
Султанбай Айжигитов анын өтүнүчүн дагы бир жолу добушка коюну суранганда, төрага Нурланбек Тургунбек уулу бул маселе жалпы добуш берүү менен чечилгенин, аны сыйлоо керектигин айтып, анын суранычын кайра добушка койбой турганын билдирди.
Эскерте кетсек, 5-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Султанбай Айжигитов кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишимдин долбоору боюнча кооптонууларын айтып чыккан. Ал Баткен районундагы Достук айылы Тажикстанга берилбеши керектигин, ошондой эле Ворух анклавынын жери, бейтарап макамын ала турган жолдор боюнча оюн билдирген.
Бул билдирүүсүнөн кийин ал парламенттеги «Ыйман Нуру» фракциясынан чыгарылган.
Көп өтпөй анын сынына президент Садыр Жапаров да жооп берген.
Жапаров Айжигитовдун чек ара келишими боюнча жасаган билдирүүсүнө жооп берди