Бишкекте Түрк дүйнөсү жаштарынын II форуму өтөтБишкекте адамдарды тоноп жүргөндөр кармалды — арасында жаш балдар барКыргызстанда Россиянын маданият күндөрү өтөт Жогорку жаза — коомдук тынчсызданууга жоопБишкектеги кафе-ресторандарды дааратканага жарандарды акысыз киргизүүгө милдеттендирүү сунушталуудаБишкекте жер тилкелери боюнча алдамчылыкка шектелгендер кармалды
Милицияга пара берүүгө шектелген жаран кармалды
18.03.2025 | 16:16
Ош облусунун Кара-Суу районунда 48 жаштагы жаран милиция кызматкерине пара берип жаткан учурда кармалды. Бул тууралуу облустук милиция кабарлады.
Маалыматка ылайык, бир жаран Кара-Суу райондук милициясында тергелип жаткан кылмыш иши боюнча оң чечим чыгаруу үчүн милиция кызматкерине 50 миң сом пара сунуштаган.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренесинин (пара берүү) негизинде кылмыш иши козголгон.
Милиция билдиргендей, 18-мартта аталган акчанын 20 миң сомун берип жатканда 48 жаштагы район тургуну (Р.Б.) кармалган.
Учурда тергөө уланып жатат.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар