Курулуш министрлиги: Жыл аягына чейин Кыргызстанда 36 мектеп курулатПрезидент Садыр Жапаров Түркмөнстанга иш сапары менен барат«Музейлер эксперименталдык боло алабы?»: Бишкекте куратор Чарльз Эшенин лекциясы өтөтБекешев: TikTok’ту бөгөттөн чыгарууга азыр УКМК гана каршы болуудаБекешев кортеждердин санын азайтып, «күркүрөгөн» унааларга чара көрүүгө чакырдыБишкекте уюлдук телефондорду мыйзамсыз алып кирүүгө шектелип чет элдиктер кармалды
Чүйдө башка унанын жолун атайылып торогон айдоочу айыпка жыгылды (видео)
18.03.2025 | 16:40
Чүйдөгү айланма жолдо жеңил унаанын алдын тороп, өткөрбөгөн айдоочу айыпка жыгылды. Бул тууралуу облустагы Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдирди.
Маалым болгондой, Toyota Land Cruiser Prado’нун айдоочусу “Ауди С4” унаасынын жолун тороп, атайылап өткөрбөй жатканы тартылган видео соцтармактарга тараган.
Токмок шаарынын жол тескөөчүлөрү аталган айдоочуну таап, автоээнбаштык үчүн 15 миң сом айып салган. Ошондой эле унаасы айып короого коюлган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом