Кыргызстанда жер титиреди. Жалал-Абадда дубалдардан жарака кеттиБишкекте автобустун айдоочусуна кол салган 60 жаштагы аял кармалдыWashington Post: Кытай АКШ менен болгон соода согушунда үстөмдүк кылуудаКамчатканын түштүк бөлүгү жер титирөөдөн кийин эки метрге жылып кеткенАдылбек Касымалиев деңизге чыга албаган өлкөлөр боюнча БУУнун конференциясында сөз сүйлөдүБишкекте мэриянын кызматкери 2 300 доллар пара алып жаткан жеринен кармалды
Вьетнамда кыргызстандык жаран оор жаракат алып ооруканага түштү
22.03.2025 | 12:10
19-мартта Кыргызстандын 1975-жылы туулган жараны С.А., Вьетнамдын Нячанг шаарындагы мейманканалардын биринде эс-учун жоготкон абалда табылып, ооруканага жаткырылган. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, эркек кишиге оор жаракаттарды алган жана анын абалы туруксуз деп бааланууда.
«Аны Хошимин шаардык ооруканасына жеткирүү маселеси каралууда. Кыргызстандын Кореядагы элчилиги (ал Вьетнамды да көзөмөлдөйт) жергиликтүү бийлик органдары менен өз ара иш алып барып, жабырлануучуга жардам көрсөтүп, анын жанындагы кыргызстандыктар менен байланышта болуп турат. Маселе ТИМ менен дипломатиялык өкүлчүлүктүн көзөмөлүндө”, – деп айтылат маалыматта.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар