Жогорку жаза — коомдук тынчсызданууга жоопБишкектеги кафе-ресторандарды дааратканага жарандарды акысыз киргизүүгө милдеттендирүү сунушталуудаБишкекте жер тилкелери боюнча алдамчылыкка шектелгендер кармалдыБишкекте өзгөчө кырдаалдарга даярдык текшерилүүдөСадыр Жапаров Такаити Санаэни Жапониянын премьер-министри болуп шайланышы менен куттуктады7-8-ноябрда иш күнү бир саатка кыскартылат
Чолпон-Атада ат чабыш жана ат оюндары өтөт
24.03.2025 | 10:36
Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда 3-майда өкмөт башчынын байгеси үчүн ат чабыш жана ат оюндары өтөт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги кабарлады.
Жарыштын байге фонду 3 миллион сомду түзөт.
Мелдештин алкагында айыл чарба жарманкеси, асыл тукум жаныбарлардын көргөзмөсү, жылкы аукциону, чоңдор жана балдар үчүн ар кандай сынактар уюштурулат.
Кандай жарыштар өтөт:
- Кыз куумай – жуптар.
- Тыйын эңмей.
- Аламан байге – 20 км.
- 2 жаштагы таза кандуу англис породасындагы импорттолгон аттар үчүн ат чабыш – 1200 м.
- Кунан жорго (2 жылдык жорголордун) жарышы – 2 айлампа (3600 м).
- Кыргызстанда туулган таза кандуу англис породасындагы 2 жаштагы жылкылар үчүн ат чабыш – 1400 м.
- 2 жаштагы аттар үчүн ат чабыш (жарым кандуу тобу) 1400 м.
- Бышты жорго (3 жылдык жорголордун) жарышы – 3 айлампа (5400 м).
- 3 жаштагы англис таза кандуу породасындагы импорттолгон ат чабыш – 1600 м.
- Кыргызстанда туулган таза кандуу англис породасындагы 3 жаштагы жылкылар үчүн ат чабыш – 1800 м.
- Жорго спринт – 1 айлампа (2000 м).
- 3 жаштагы жана андан чоң аттар үчүн ат чабыш (жарым кандуу тобу) – 2000 м.
- Жорго салыш (4 жаштагы жана андан чоң жорголордун жарышы) – 5 айлампа (9000 м).
- 4 жаштагы жана андан чоң англис породасындагы импорттолгон жылкылар үчүн ат чабыш – 2000м.
- Кыргызстанда туулган 4 жаштагы жана андан чоң англис таза кандуу жылкылар үчүн ат чабыш – 2000 м.
- Лотерея ойнотуу.