Улуттук Инвестициялар Агенттиги: «Хуа Руй» автоклавдык газобетон заводу ишке берүүгө дээрлик даярБишкекте кыймылсыз мүлккө болгон баалардын төмөндөшү катталдыКыргызстанда жогорку класстардын окуучулары үчүн эркин республикалык тестирлөө өткөрүлөтУКМК эттин баасын кымбаттаткандар үчүн кылмыш жоопкерчилиги караларын эскерттиАкжол Махмудов Исламдык солидардуулук оюндарынын грек-рим күрөш боюнча жарым финалына чыктыТашиев «Мурас Юнайтед» клубунун машыктыруучусун эмне үчүн кетиргенин түшүндүрдү
Салык кызматы ЭТТК текшерген үч ички пост жоюлганын билдирди
28.03.2025 | 10:20
26-марттан тарта электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды (ЭТТК) текшерген бир катар ички посттор жоюлду. Бул тууралуу Салык кызматы маалымдады.
Маалыматта айтылгандай, ЭТТКны милдеттүү түрдө колдонуу жокко чыгарылганына байланыштуу салык органдарынын Чүй облусундагы “Кемин” жана “Сосновка”, ошондой эле Жалал-Абад облусундагы “Кара-Көл” көзөмөл пункттарындагы ички посттору жоюлду.
Мындан ары аталган посттордо Салык кызматынын кызматкерлери тарабынан товарлардын коштоочу документтери текшерилбейт.