Кудайберген Базарбаев кызматтан алынып, Казакстанга элчи болуп жиберилдиАчыктык жана өнүгүү: Bozymchak Кыргызстандагы тоо-кентармагында ишенимди кантип бекемдөөдө?Кыргызстандын футзал боюнча жаштар курамасы эки өлкөнүн командасы менен беттешетБүгүн Бишкекте жаңы №66 электробус маршруту ачылды — кыймылынын схемасы15-ноябрга карата аба ырайыБишкекте таштанды кайра иштетүү заводунун пилоттук эксплуатациясы башталды
Жети-Өгүздө 145 гектар жер мамлекетке кайтарылды
03.04.2025 | 10:55
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы 195 гектар жер тилке мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка ылайык, 2008-жылы аталган райондун Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн токтому менен Ысык-Көлдүн жанындагы 195 гектар жер тилкеси жеке адамга айыл чарба багытында пайдаланууга, алма бак тигүү максатында өткөрүлүп берилгени аныкталган. Бирок жердин 50 гектары гана өздөштүрүлүп, калган 145 гектары такыр пайдаланылбай калган.
Буларды эске алуу менен аталган жерди ээси ыктыярдуу негизде мамлекеттин балансына кайтарып берген.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом