Чүй облусунда райондук соттун жаңы имаратынын курулушу башталдыКыргызстандын айыл чарбасы биринчи чейректе дээрлик 3%га өстү25-апрелге карата аба ырайыКыргызстанда социалдык тармактын кызматкерлеринин айлыгы 100 миң сомго чейин көтөрүлдү — ОрунбековБишкекте чатырында теннис корттору бар көп кабаттуу унаа токтотуучу жай ачылдыОш облусу менен Кытайдын Шаньдун провинциясы боордоштук мамилелерин түзүүдө
Тоңдогу 139 батир мамлекетке өткөрүлдү
03.04.2025 | 17:35
Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кажы-Сай айылында жайгашкан 139 батир мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратура кабарлады.
Маалыматтай айтылгандай, райондук прокуратура аталган айылда жайгашкан көп кабаттуу турак үйлөр жеке тараптарга мыйзамсыз берилип кеткендиги аныктаган.
Көрүлгөн прокурордук чаралардын натыйжасында, жалпы баасы 93,4 млн сомду түзгөн 139 батир муниципалдык менчикке кайтарылган.
Ал эми, мыйзамсыз чечим чыгарган мурдагы Кажы-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы Б.И. карата тийиштүү соттун өкүмү чыккан.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар