Чүй облусунда райондук соттун жаңы имаратынын курулушу башталдыКыргызстандын айыл чарбасы биринчи чейректе дээрлик 3%га өстү25-апрелге карата аба ырайыКыргызстанда социалдык тармактын кызматкерлеринин айлыгы 100 миң сомго чейин көтөрүлдү — ОрунбековБишкекте чатырында теннис корттору бар көп кабаттуу унаа токтотуучу жай ачылдыОш облусу менен Кытайдын Шаньдун провинциясы боордоштук мамилелерин түзүүдө
Ири өлчөмдө синтетикалык баңгизат сатууга шектелип 7 жаран кармалды
04.04.2025 | 09:36
Синтетикалык баңгизатты ири өлчөмдө сатууга шектелип кыргызстандык 7 жаран кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Атайын кызмат ыкчам издөө ишинин натыйжасында эл аралык трансулуттук баңгизат тобунун кылмыштуу ишмердигине бөгөт койду.
Шектүү катары 7 жаран кармалды. Алардан 44 кг 420 гр синтетикалык баңгизат алынган. Алардын баасы 266 млн 520 миң сомду түзөт. Мындан тышкары 3 нарколаборатория аныкталган.
УКМК синтетикалык баңгизаттарды сатууда жана таратууда 30 жашка чейинки жаштар активдүү катышып жатышканын билдирди. Мындай кылмыш жасагандар кылмыш жоопкерчилигине тартылат жана мүлкүн конфискациялоо менен 5 жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратуу менен жазаланат.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар