Бишкекте жасалма интеллекттин жардамы менен жасалган дизайн боюнча сынак өтөтБоомдо таш кулатуу иштери жүрүүдө. Жолго убактылуу чектөөлөр киргизилдиКочкор районунда социалдык дүкөн ачылдыКыргызстан ШКУнун саламаттык сактоону башкаруу боюнча Диалогдук платформасын түзүүнү сунуштадыМСК объекттердин видеокамераларына кирүү мүмкүнчүлүгү боюнча түшүндүрмө бердиБыйыл Талас шаарында 40 чакырым ички жолдор оңдолот жана курулат
Коомдук жайларда “никаб” кийгендерге эскертүүлөр берилди
04.04.2025 | 10:05
УКМК жарандарды коомдук жайларда “никаб” кийбөөгө чакырып, аларга эскертүүлөр берилгенин билдирди.
Маалыматта айтылгандай, Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун аймагында укук коргоочулар менен журналисттер түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн.
«Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө» мыйзамдагы өзгөртүүлөргө ылайык, коомдук жайларда “никабтарды” кийүүгө тыюу салынып, 20 миң сом айып пул каралган.
Атайын кызмат айрым жарандар аталган мыйзам талаптарына баш ийбей жүрүшкөнүн билдирди. Мындан улам коомдук жайларда “никаб” кийип жүргөн жарандарга эскертүүлөр берилген.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом