Май майрамдарында Кыргызстандын ооруканалары кандай тартипте иштейт? Саламаттык сактоо министрлиги маалымат бердиКытай экспорттук жеңилдиктерди кыскартууда: кыргызстандык импорттоочулар даяр болушу керекBITF 2026: Бишкекте биринчи жолу эл аралык туристтик көргөзмө өтөтБишкекте курттардын капташы: Ак-Босогодогу теректер эмне болууда?Кыймылсыз мүлктү сатууга өз алдынча тыюу. Дастан Бекешевдин түшүндүрмөсүКыргызстан менен Казакстандын банктары кооптуу сызыкта
Байтик айылындагы веложол толугу менен жарыктандырылды
08.04.2025 | 10:50
Ала-Арча жаратылыш паркына бара жаткан Чоң-Арык-Ала-Арча унаа жолундагы веложол толугу менен жарыктандырылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлиги билдирди.
Азыркы тапта жол сызыктарын чийүү, орнотулган жарыктандыруу системаларын (203 мамыча орнотулду) текшерүү иштери жүрүүдө.
Курулуш иштери бүткөн соң,айыл ɵкмɵтүнүн балансына берилет.
Белгилей кетсек, Байтик айылынан башталган веложолдун узундугу 3,1 чакырымды, туурасы 3 метрди түзөт.
“Бардык жумуштар бекитилген планга ылайык жүргүзүлүп, сапатына өзгөчө көңүл буруу менен жасалды”,-деп айтылат маалыматта.
Рубрики: Жаңылыктар