Бишкек мэрине кытайлык Geely электробустары көрсөтүлдү — алар шаардык каттамдарга чыгышы мүмкүнМинистрлер кабинети Бишкектин 2050-жылга чейинки башкы планын бекиттиЧүй облусунда райондук соттун жаңы имаратынын курулушу башталдыКыргызстандын айыл чарбасы биринчи чейректе дээрлик 3%га өстү25-апрелге карата аба ырайыКыргызстанда социалдык тармактын кызматкерлеринин айлыгы 100 миң сомго чейин көтөрүлдү — Орунбеков
АКШда изделип жатат делген Кыргызстандык жаран табылды
08.04.2025 | 15:15
Тышкы иштер министрлиги 33 жаштагы А.у.К. аттуу Кыргызстандык жаран АКШда изделип жатат делген соцтармактарда тарап жаткан билдирүү боюнча маалымат берди.
Кыргызстандын АКШдагы элчилиги бул окуя боюнча тактоо иштерин жүргүзгөн.
Маалыматта айтылгандай, аталган жарандын эжеси инисинин табылганын, абалы жакшы экенин жана учурда ал Флорида штатынын Нейплс шаарында жашап жаткандыгын билдирген.
“Жаран акыркы айларда иши менен абдан алек болгондуктан, үй-бүлөсү менен байланышка көп убакыттан бери чыга албай жүргөн. Мындан тышкары, А.у.К. телефон номерин алмаштырганына байланыштуу эски номерине келген чалуулар жоопсуз калгандыгы маалым болду”,- деп билдирди министрлик.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар